Пара алган деп шектелген Ички иштер министрлигинин медициналык бөлүмүнүн башчысы бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Пара алган деп шектелген Ички иштер министрлигинин медициналык бөлүмүнүн башчысы бошотулду

Пара алган деп шектелген Ички иштер министрлигинин медициналык бөлүмүнүн башчысы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, Жыргалбек Жакыпов тергөө менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон, буга байланыштуу ал бошотулган.

«Кылмыш иши буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна маңызы боюнча кароо үчүн жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, милициянын аскердик-медициналык комиссиясынан өтүүдө коррупциялык схема аныкталган. Департаменттин жетекчилиги медициналык оң корутундуларды жасаганы үчүн системалуу түрдө пара алган.