ДССУ: Пандемиянын экинчи жылы мурдагыга караганда оор болушу ыктымал
Коронавирус
ДССУ: Пандемиянын экинчи жылы мурдагыга караганда оор болушу ыктымал

Пандемиянын экинчи жылы мурдагыга караганда да оор болушу ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдирди. 

Ал акыркы эки аптада уюмга келип жаткан маалыматтар оору кайрадан күчөгөнүнөн кабар берерин белгилейт. "Пандемия менен күрөштүн экинчи жылын баштан кечирип жатабыз. Коронавирустун жайылуу динамикасын жана бизге байкалып жаткан айрым көйгөйлөрдү эске алсак, быйылкы жыл өткөн жылдан да оор болушу мүмкүн", — деген ал. 

Майкл Райандын айтымында, илдет айрыкча Европа жана Түндүк Американы каптаганы байкалат. Ал аймактарда кескин суук болуп, адамдар бир үйгө топтолуп алганы, ошондой эле коронавирустун жаңы штаммдарынын чыгышы инфекциянын жайылышына алып келген факторлор болгонун белгилеген.