Жаңы-Жер айылында ичерге суу жок эл кыйналууда
Элдик репортер
Жаңы-Жер айылында ичерге суу жок эл кыйналууда

Баткен облусунун Баткен районундагы Жаңы-Жер айылында жашаган тургундар ичер суусу жок кыйналуушуда. Кыштын күнү алыстан суу таштып келишүүдө. 

Мына мынтип суу издеп көчөдө турабыз. Малга суу бергенге арыкта да суу жок. Канча жылдан бери ушул маселебиз чечилбей келет. Канча жерге кайрылсак да маселебиз оң жагына чечилбейт. Жергиликтүү бийлик көңүл буруп койсо,- дейт "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.