"Ала-Тоо 24" каналы "Жылдын мыкты телеканалы" наамы менен сыйланды
КТРК жаңылыктары
"Ала-Тоо 24" каналы "Жылдын мыкты телеканалы" наамы менен сыйланды

«Инсан Кыргызстан» журналы тарабынан окурмандар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушун ачык-айкын чагылдырганы жана сапаттуу алып чыгуудагы зор жетишкендиги үчүн "Ала-Тоо 24" каналы "Жылдын мыкты телеканалы" наамы менен сыйланды. 

Аталган журнал мыкты депутат, жылдын мыкты дарыгери, мыкты өндүрүштүк ишкана сыяктуу бир катар тармактардын мыктыларын жыл сайын аныктап келет.