«Ош-Баткен-Исфана» унаа жолунун учурдагы абалы - Элдик репортер
Элдик репортер
«Ош-Баткен-Исфана» унаа жолунун учурдагы абалы - Элдик репортер

Жол азабын тарткандардын арасында Ноокат районунун тургундары да бар. Союз урагандан бери жакшы көңүл бурулбай келген «Ош-Баткен-Исфана» унаа жолу азыр начар абалда. Жылда оңдолот деген убадалар ушул күнгө чейин толук аткарылбайт. 

Жолчулар жылда оюлган жерлерди жамап кетишет, анысы көп өтпөй эле баягы кейпине түшөт. Уңкур-чуңкур жолдон эл азап чегүүдө. Анысы аз келгенсип жол абдан эле тар. Жергиликтүү бийлик колго алып жолду кеңейтип, эски асфальтты алып, жаңысын төшөп берсе жакшы болот эле дейт, - "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.