Новопавловка айылындагы көлчүккө айланган көчө
Элдик репортер
Новопавловка айылындагы көлчүккө айланган көчө

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Школьная көчөсүндө минтип кар ээрип, жаан-чачын жааганда көчө көлчүккө айланат. 

Балдарыбыздын мектепке барып келиши кыйын болууда. Тосмого жабышып алып өтүшөт. 1-2 класстын окуучулары буттары суу бойдон барышат. Айыл өкмөт ушул жерге көңүл буруп койсо дейт, - видео жөнөткөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.