"Баластан" каналы Россиянын балдарга арналган "О!" телеканалынын программаларын көрсөтөт
КТРК жаңылыктары
"Баластан" каналы Россиянын балдарга арналган "О!" телеканалынын программаларын көрсөтөт

"Баластан" балдар каналы жаңы программалар менен толукталат. Россиянын Биринчи каналы КТРКга өзүнүн балдарга арналган “О!” каналы үчүн даярдалган 100 сааттык көрсөтүүлөрүн тартуулады. Бул программалар баланын интеллектуалдык гана эмес, эмоционалдык өнүгүүсүнө багытталган.

Кичинекей бөбөктөр жана алардын ата-энелери үчүн сонун жаңылык. Жакында "Баластан" "О!" телеканалынын таанып билүү программаларын көрсөтө баштайт. КТРКнын балдар каналынын телеберүү тармагы дагы да байып, кызыктуу болмокчу.

"Лабораториум", "Келгиле, сүрөт тарталы" жана "Бериляки театры". Телеканалдын башкы редактору Анна Шнайдер бул программалар баланын интеллектуалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнө багытталгандыгын белгилейт. Бул Кыргызстан менен Россиянын негизги каналдары ортосундагы кызматташтыктын баштапкы гана кадамы. Анын балдар каналынан башталышы жакшы жөрөлгө болууда. Балдар биздин келечегибиз деп бекеринен айтпасак керек.