Ак-Талаа районунун шыйпыр жолуна көңүл бурулбай келет
Элдик репортер
Ак-Талаа районунун шыйпыр жолуна көңүл бурулбай келет

Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунан Кара-Бүргөн, Коңорчок, Чолок-Кайың, Кош-Дөбө айылдарына карай кеткен жолдун абалы өтө начар. 

100 км жолдун учурдагы абалы мышык ыйлай турган акыбалга келип калды. Өкмөт тараптан такыр эле жардам болбой келет. Жергиликтүү бийлик ушул маселебизди чечип берсе жакшы болот эле,-  деп билдирүү жөнөткөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.