Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, 2 адам каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, 2 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 55 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Ал эми бир сутка ичинде 61 адам коронавирустан айыгып чыккан. 

Стационарларда 410 бейтап, амбулатордук түрдө 371 адам дарыланууда. Ал эми медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 1 учур катталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 619 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 452 киши айыгып чыкса, 1 миң 446 адам каза болду.