Үйлөр, жер тилкелери, кымбат унаалар. Кримтөбөл "Женгонун" мыйзамсыз кирешелери боюнча кылмыш иши катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Үйлөр, жер тилкелери, кымбат унаалар. Кримтөбөл "Женгонун" мыйзамсыз кирешелери боюнча кылмыш иши катталды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында, "Женго" каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К. Досоновго карата кылмыш иши козголду. Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 авто унаа жана 15 турак-жай жана 35 жер тилкелеринен турган кыймылсыз мүлктөр сыяктуу көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы аныкталды.

Ошондой эле, курулуш компанияларда К.Досоновдун бир катар ири өлчөмдөгү каржылоолору бар. Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.