Бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду
Коронавирус
Бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 70 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Ал эми бир сутка ичинде 73 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 418 бейтап, амбулатордук түрдө 360 адам дарыланууда. 

Өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 4 учур катталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 689 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 525 киши айыгып чыкса, 1 447 адам каза болду.