Юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды
Кыргызстан жаңылыктары
Юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калды

Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактарда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калгандыгын эскертет. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Ошондой эле, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан алууга болот.