Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 47 бейтап айыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 47 бейтап айыкты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 47 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 25, Чүй облусунда - 9, Ош шаарында - 3, Талас облусунда - 2, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда - 2 киши вируска чалдыкты. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 409 бейтап, амбулатордук түрдө 322 адам дарыланууда. 

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 4 миң 154 медкызматкер айыгып чыккан. Жалпы 85 миң 929 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 82 миң 803 киши айыгып чыкса, 1 миң 458 адам каза болду.