Бир суткада 82 бейтап коронавирустан айыгып чыкса, 162 адам жаңы жуктуруп алган
Коронавирус
Бир суткада 82 бейтап коронавирустан айыгып чыкса, 162 адам жаңы жуктуруп алган

Бир суткада 82 бейтап коронавирустан айыгып чыкса, 162 адам аны жуктуруп алган. Жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунан.

Талас жана Нарын облустарында илдет жуктурган жаңы учур катталган жок. Учурда стационарларда 564 бейтап дарыланууда, 704 кыргызстандык амбулатордук дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 700 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 979 киши айыкса, 1 миң 500 адам каза болду.