Кыргызстанда бир суткада коронавирустан эки бейтап көз жумду, вирус 142 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкекте – 90, Чүй облусунда – 44, Ысык-Көл облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 кишиден илдет табылган. Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыкты.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 582 бейтап, амбулатордук түрдө 729 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 259 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 203 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 842 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 77 киши айыгып чыкса, 1 миң 502 адам каза болду.