Президент Садыр Жапаров элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-Апрель – Элдик революциясында курман болгон баатырларды эскерди. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Премьер-министр Улукбек Марипов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова, экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков катышты. 

Алар 1916-жылы курман болгондордун, 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарынын, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Ошондой эле маркумдарды эскерген куран окулду. 

Андан кийин Бишкектин борбордук "Ала-Тоо" аянтында 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл коюшту.