Кыргызстанда бир суткада коронавирус 161 адамдан табылып, 3 киши каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 161 адамдан табылып, 3 киши каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 161 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 97, Чүй облусунда - 46, Ош шаарында - 6, Ысык-Көл облусунда - 7, Талас облусунда 3 адам, Жалал-Абад, Нарын облустарында бирден кишиден илдет аныкталды. Ал эми бир сутка ичинде 108 адам коронавирустан айыгып чыкса, 690 бейтап стационарларда дарыланууда. Соңку бир күндө өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.