ӨКМ Кыргызстандын аймагына метеорит түштү делген болжолдуу маалыматты тактоодо
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ Кыргызстандын аймагына метеорит түштү делген болжолдуу маалыматты тактоодо

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагына метеорит түштү деп болжолдогон маалыматты тактап жатканын кабарлады. 

Буга чейин Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары 7-апрелге караган түнү асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алып, аны интернет колдонуучулары кызуу талкуулашкан. Соцтармак колдонуучулары метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Анын жерге түшкөн-түшпөгөнү азырынча белгисиз.