КТРКнын башкы директорунун орун басары кызматына Нурдин Урмамбетов дайындалды
КТРК жаңылыктары
КТРКнын башкы директорунун орун басары кызматына Нурдин Урмамбетов дайындалды

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйынында корпорациянын башкы директорунун орун басары кызматына Нурдин Урмамбетовдун талапкерлиги жактырылып, аталган кызматка дайындалды. 

Нурдин Урмамбетов журналистикадагы эмгек жолун 1993-жылы КТРКда редакторлук менен баштап, саясий баяндамачы, КООРТ телеканалында жооптуу редактор, башкы редактор, НБТ каналында продюсер кызматтарын аркалаган. 2014-жылы “Кабар” маалымат агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалган.