Бүгүн бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү
КТРК жаңылыктары
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

23-апрель - бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Майрамды утурлай Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында салтанаттуу иш-чара өттү. Анда мамлекеттин маданиятын сактоодо жана көтөрүүдө китептин ролуна өзгөчө маани берүү керектиги айтылды. Мындай даталуу күндү белгилөө жаштарга, жалпы эле коомчулукка китеп окуунун маанилүүлүгүн сунуштоо болуп саналат.

4-класстын окуучусу Арууке Аманбекова борбордогу Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жаш окурманы. Ар түрдүү багыттагы китептерди көп окуп, көп нерсени билүүгө далалат кылган жаш окурман китепти билим алуучу курал эмес, дос деп эсептейт. Айтымында, китеп окуу - ой жүгүртүү, так жана туура сүйлөөгө өбөлгө болот.