КТРКнын кызматкери Мукаш Байтаков каза болду
КТРК жаңылыктары
КТРКнын кызматкери Мукаш Байтаков каза болду

КТРКнын кызматкери Мукаш Байтаков узакка созулган оорудан каза болду.

Мукаш Байтаков КТРКнын "Маалымат" бирикмесинин өз кабарчысы. Аскер темасын чагылдырган "Мекен чегинде", "Мекенге кызмат" көрсөтүүлөрүнүн автору жана редактору.

Үй бүлөлүү, 2 баланын атасы.

КТРКнын эмгек жамааты Мукаш Байтаковдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.