Мамлекетке тиешелүү маалымат каражаттары расмий билдирүүлөргө гана таянып иш алып барат
КТРК жаңылыктары
Мамлекетке тиешелүү маалымат каражаттары расмий билдирүүлөргө гана таянып иш алып барат

Мамлекттик радио жана телевидениелердин негизги багыты өлкөнүн коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн жана улуттун кызыкчылыгын көздөй турган негизги стратегиялык маанидеги маалымат каражаттары болуп саналат.

Ошондуктан мамлекетке тиешелүү маалымат каражаттары расмий билдирүүлөргө гана таянып, элге жеткирүүдө дыкаттык менен иш алып барат.

Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде КТРКнын радиоуктуруулар боюнча директорунун орун басары Айбек Мусаев билдирди. "Ошондуктан мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары коомчулукка такталбаган маалыматтарды жеткирүүдөн оолак болуш зарыл",- дейт Мусаев.