КТРК көрүүчүлөрүн акысыз адвокат менен камсыз кылат
КТРК жаңылыктары
КТРК көрүүчүлөрүн акысыз адвокат менен камсыз кылат

Тарыхта биринчи жолу КТРК көрүүчүлөрүн акысыз адвокат менен камсыз кылат! Бул багыттагы "Акысыз адвокат" көрсөтүүсү сентябрдан баштап эфирге чыгат. 

Программа КРнын Адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кординациялоо боюнча борбору менен биргеликте даярдалат. Бул багыттагы үч тараптуу келишимге бүгүн КТРКнын башкы директору Бактияр Алиев, КРнын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов жана Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды кординациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков кол койду. Программанын автору - "Замана" студиясынын комментатору Мунара Матиева.

Көрсөтүү КТРКнын "Замана" студиясы тарабынан даярдалып, жумасына бир жолу, кечинде, түз эфирде болот. Тандалып алынган тема боюнча түз байланышка чыгып суроо берген телекөрүүчүлөрдүн арасынан эки-үч жаран тандалып алынып, акысыз адвокат менен камсыз болушат. Алардын иштери кандайча чечилип жаткандыгы жана жыйынтыктары боюнча ар бир көрсөтүүдө чагылдырылып турат.