КТРК оор жоготууга учурады. Кесиптешибиз Зулунбек Нурбаев дүйнө салды. Некролог
КТРК жаңылыктары
КТРК оор жоготууга учурады. Кесиптешибиз Зулунбек Нурбаев дүйнө салды. Некролог

КТРК орду толгус оор жоготууга учурады. Кыргыз телекөрсөтүүсүнө кырк жылга чамалуу эмгеги сиңген, Кыргыз Республикасынын журналисттер  жана  композиторлор Союзунун мүчөсү Зулунбек Нурбаев дүйнө салды.

Зулунбек  Нурбаев   1949-жылы  13-сентябрда   Талас  районундагы  “Көк-Токой”  айылында  мугалимдин  үй-бүлөсүндө  төрөлгөн.   1966-жылы  Талас  шаарындагы   № 1-кыргыз  орто  мектебин  бүтүргөндөн  кийин Фрунзедегеи  музыкалык-педагогикалык  окуу  жайынан    эки  жыл  окуп, Советтик  Армиянын  катарында кызмат  өтөгөн. Кийин  борбор  шаарыбыздагы  Б.Бейшеналиева  атындагы  искусство  институтунун музыкалык  теория  жана  композиция  бөлүмүн  1977-жылы  бүтүрүп,  ошондон  бери Кыргыз телекөрсөтүүсүндө  эмгектенип  келген.

Зулунбек  Жолдошевич  алгачкы  күндөн  тартып  эле   кыргыз телекөрсөтүүсү  аркылуу  музыкалык маданияттын  көрүнүктүү  жактарын   чагылдырып,  композиторлор  менен  аткаруучулардын чыгармачылыгын  даңазалап,  залкарлардын  мурастарын  элге  жеткирүүдө чыгармачылык менен эмгектенген.

Нурбаев  Зулунбек  Жолдошевич    “Мурас”,  “Музыкалык  жолугушуу”, ”Жаштардын  чыгармачылыгы”, “Музыка  дүйнөсүндө”,  “Камералык  музыка  сүйүүчүлөргө”, “Балет  сүйүүчүлөрүнө”, “Жан дүйнө”,  “Миң кыял”, “Музыка  мейкини”, “Залкарлар”ж.б  көрсөтүүлөрдү,  концерттик  программаларды  даярдап  келген. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн  атынан  Москва  шаарындагы  борбордук  телекөрсөтүүсүнө  бир канча  жолу композиторлордун  чыгармаларынан  куралган  искусство  чеберлеринин  концертин  даярдаган.

 Ал биринчилерден  болуп ,  “Ырдайлы,достор  ырдайлы”  эстрадалык   программасын  эфирге  чыгарып  , республикада  эстрада өнөрүнүн   калыптанышына    өбөлгө  түзгөн.  Бул  программа көрүүчүлөдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, дээрлик  жыйырма  жыл бою эфирден  түшкөн  эмес.  Ушул  көрсөтүү  үчүн Жолдубай  Кайыпов  акын  Эркин Тазабековдун  сөзүнө  жазылган  “Ырлар,  ырлар,  ырлар  ай”  деген обондуу чыгармасын жараткан.   Ал  эми,  “Дүйшөмбүдө  кечинде” музыкалык көңүл  ачуу  көрсөтүүсүн  эл сүймөнчүлүк менен  күтүп  көргөн. Жаңы  эстрада   ырлары  жаралып, жаңы муундагы ырчылардын  саны  көбөйгөн.

“Кубулжу  менин  ырларым ” , “Ыр кесе” программаларынын бир нече көрсөтүүсүнүн  алып баруучусу катары да көрүүчүлөргө таанылган.

Нурбаев Зулунбек Жолдошевич   “Маданият  майданы”  түз  эфирдеги  көрсөтүүсүнүн классикалык чыгармалар бөлүгүн   эки  жылга чукул   алып  барды. Аталган  түз  эфир  аркылуу     жаш  композиторлордон баштап, улуу  классиктерге  чейин   ырчылык,  аткаруучулук   өнөрүн -  жаңыдан аркалаган  адистерден баштап  искусство  чеберлерине  чейин  угуучу-көрүүчүгө ийкемдүү  жеткире  алган.

Кийинки  мезгилдерде  Зулунбек  Жолдошевич  чыгармачыл  түйшүктө    бараандуу  из  калтырган  атактуу таланттар   тууралуу  “Залкарлар”  көрсөтүүсүнүн  үстүндө   эмгектенип, алар  аркылуу  элибиздин  улуу залкарларынын  кыргыз  маданиятына  кошкон  салымдарын  кийинки  муундарга   мурас  катары  калтырууда талбай эмгектенди. 

Зулунбек  Жолдошевич   кыргыз  телекөрсөтүүсү  аркылуу кырк  жыл аралыгында  жараткан чыгармачыл эмгектери  жогору  бааланып,  бир  канча  ирет  диплом,грамоталар,  баалуу  сыйлыктар  менен сыйланып, музыкалык  редакциянын  жетекчилик кызматын чыгармачылык жоопкерчилик  менен аткарган.

 Музыка  таануучу  Зулунбек  Жолдошевич Кыргыз  Республикасынын  Журналисттер  Союзунун,  Композиторлор  Союзунун  мүчөсү.

2021-жылдын 2-июль күнү күтүлбөгөн  оорудан каза болду. Мыкты адам,кесипкөй журналист  катары кесиптештеринин эсинде сакталат.

КТРК жамааты Зулунбек Нурбаевдин үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.