Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен КТРК кызматкерлери сыйланышты
КТРК жаңылыктары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен КТРК кызматкерлери сыйланышты

Республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу бир катар жарандарыбыздын эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери да мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. 

III даражадагы  “Манас” ордени менен композитор, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын редактору, “Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү Казаков Түгөлбай Токтогулович сыйланды.

“Кыргыз Республикасынын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы төмөнкү кызматкерлерге ыйгарылды: 

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Ала-Тоо 24” телеканалынын жогорку категориядагы телеоператор- координатору Асанов Нуркамил Турдубаевич;

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын комментатору Итигулова Чынара Кайбалиевна;

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Замана” таңкы берүүсүнүн кабарчысы Кожогулов Атахан Бейшеналиевич;

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият-Тарых-Тил” телеканалынын баяндамачысы Тезекбаева Элмира Асанбековна.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
  менен сыйланган кызматкерлер:

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радио” радиостанциясынын баяндамачысы Егинбаева Ирина Егинбаевна; 

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын программалар дирекциясынын пландоо боюнча координатору Какенова Жаңыл Чекировна. 

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын эл акыны” ардак наамы менен КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө-акын, Ш. Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрынын директору Болгонбаев Азамат Таалайбекович сыйланды.

КТРК жетекчилиги жана жалпы жамаат Мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон сыймыктуу кесиптештерибизди чын жүрөктөн куттуктап, жигердүүлүк жана ийгиликтерди каалайбыз.