Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммити
Саясат
Түрк мамлекеттеринин уюмунун саммити

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши ага мүчө өлкөлөрдүн чечими менен Түрк мамлекеттеринин уюму болуп өзгөрдү. Мындай келишимге бүгүн Туркиянын Стамбул шаарында, түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги 8-жыйынында кол коюлду. 

Буга катар жакынкы жыйырма жылдыкта түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык алакаларын тереңдетүүнүн жол картасы болгон «Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040» деп аталган стратегиялык документ кабыл алынды. 

Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында кызыл тасма кесишти. Мамлекет башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү орун алып, кызыл тасма кесилген сон, штаб квартира расмий түрдө ачылды.

Ал эми Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги саммитине мамлекет башчылары Демократия жана эркиндиктер аралына чогулушту. Жыйынды Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ачып, түрк тилдүү мамлекеттеринин уюму учурда тарыхый окуянын алдында турганын баса белгиледи.