Коронавирустан эки бейтап көз жумду
Коронавирус
Коронавирустан эки бейтап көз жумду

Кыргызстанда 17-ноябрга карата коронавирус дагы 77 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 4 адамдан вирус жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайса, эмдөө албагандар арасында 2 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 521 бейтап, амбулатордук түрдө 734 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 605 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 108 киши айыкты, 2 миң 712 адам каза болду.