Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын үчүнчү дозасы берилет
Коронавирус
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын үчүнчү дозасы берилет

Кыргызстандыктар COVID-19га каршы вакцинанын кошумча үчүнчү дозасын 17-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан ала алат. Ал эми калган аймактарда вакцинанын үчүнчү дозасы менен эмдөө бир жуманын ичинде жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бул бөлүгү орточо жана оор иммундук жетишсиздик менен жабыркагандар, 60 жаштан жогору курактагы адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac вакциналарын алгандар, коронавирус инфекциясын жуктуруп алуу жана башка адамдарга жуктуруу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлер, COVID-19 менен ооруп айыккандар, анын ичинде мурда эмделген адамдар ала алышат. Кошумча доза жарандардын алгачкы 3 категориясына эмдөөдөн өткөндөн кийин 6 айдан эрте эмес мөөнөттө алуу сунушталат. Ал эми COVID-19 менен ооругандарга айыккандан бир айдан кийин эмделүү сунушталат. Мезгилдүү сасык тумоого, В вирустук гепатитине каршы аракеттеги эмес вакциналар менен COVID-19га каршы вакциналардын ортосу 7 күн болушу зарыл.