Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирус 62 адамдан аныкталып, 3 бейтап көз жумду
Коронавирус
Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирус 62 адамдан аныкталып, 3 бейтап көз жумду

Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирус дагы 62 адамдан аныкталды. Республикалык штаб билдиргендей, анын ичинде Бишкек шаарында – 17, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 5 адамдан вирус жаңы табылган. 

Ал эми бир суткада 92 адам илдеттен сакайды. Эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 560 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 667 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 200 киши айыкса, 2 миң 715 адам каза болду.