COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 446 адам эмделди
Коронавирус
COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 11 миң 446 адам эмделди

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 446 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 613 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 833 жаран экинчисин алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 55 миң 832 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 836 миң 649 жаран экинчиси менен эмделди.