COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 3 бейтап каза болуп, 53 учур жаңы аныкталды
Коронавирус
COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 3 бейтап каза болуп, 53 учур жаңы аныкталды

Кыргызстанда 21-ноябрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 23, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 6 адамдан илдет жаңы табылган. Ал эми бир суткада 73 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында 3 бейтап каза болду. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 474 бейтап, амбулатордук түрдө 661 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 182 миң 833 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 177 миң 442 киши айыгып чыкса, 2 миң 723 адам каза болду.