Арзыбек Кожошев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды
Саясат
Арзыбек Кожошев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчкону кабыл алды. 

Арзыбек Кожошев Ереванда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Беларустун премьер-министри Роман Головченко менен эки тараптуу жолугушуусунда эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланганын эске салды. Мындан сырткары Кожошев Кыргызстанга беларусь автобустарын жана айыл чарба техникаларын жеткирүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Андрей Страчко бул маселелерди жакынкы аралыкта иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-беларусь өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.