КМШнын ардагерлер кыймылынын түзүлүшүнө салым кошкон мүчөлөргө сыйлыктар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
КМШнын ардагерлер кыймылынын түзүлүшүнө салым кошкон мүчөлөргө сыйлыктар тапшырылды

Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүндөгү “Ардагерлердин коомдук уюмдарынын биримдиги” эл аралык бирикмесинин координациялык кеңешинин жаңы төрагасы Василий Волков Кыргыстандагы жамааты менен жолугушту. Анда уюмдун ишмердүүлүгү, социалдык-укуктук жактан коргоо маселелери талкууланды. 

Өлкөдө согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилердин республикалык кеңешинин курамында 19 миң киши бар. Жолугушууда КМШ мамлекеттеринде ардагерлер кыймылынын түзүлүшүнө салым кошкон мүчөлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бул уюмдун багыты – бардык ардагерлердин укугун коргоо, жашоо деңгээлин жакшыртуу, медицинлык камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү, калкты патриоттуулукка тарбиялоо, боордош өлкөлөр менен ынтымакты чыңдоо жана КМШ өлкөлөрү ортосундагы алаканы бекемдеп, ишенимди арттыруу.