COVID-19: Бир күндө 2 872 адам вакцина алды
Коронавирус
COVID-19: Бир күндө 2 872 адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 2 миң 872 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 766 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 106 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 104 миң 209 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 888 миң 276 жаран экинчи компоненти менен эмделди.