COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 10 260 адам эмделди
Коронавирус
COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 10 260 адам эмделди

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 260 адам эмдөөдөн өттү. 

Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 803 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 457 жаран экинчи бөлүгүн алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 110 287 адам вакцинанын биринчи, ал эми 892 910 жаран экинчи компоненти менен эмделди.