Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын 106 адам алды
Коронавирус
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын 106 адам алды

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын 106 жаран алды. Бул тууралуу Электрондук саламаттыкты сактоо борбору билдирди. 

Алардын ичинен:60 жаштан жогору адамдар — 47, башкалар — 44, медиктер — 7, өнөкөт оорулары бар жарандар — 4, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери — 3, мамлекеттик кызматкерлер — 1.Кыргызстандыктар 17-ноябрдан тартып коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алып баштаган.