COVID-19: Бир суткада 9887 адам вакцина алды
Коронавирус
COVID-19: Бир суткада 9887 адам вакцина алды

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 887 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 6 адам вакцинанын биринчи, 4 миң 881 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 132 миң 623 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 912 миң 483 жаран экинчиси менен эмделди.