Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши

Маанилүү

КТРКнын Байкоочу кеңешинин куттуктоосу
26 Дек, 10:55 2567

image

Келе жаткан жаңы 2020-жыл менен Сиздерди куттуктайбыз! Ар бириңиздерге эң ириде чын ден-соолукту, үй-бүлөңүздөргө жаркын маанайды, ысык сезимди, бекем биримдикти, чыгармачыл ишиңиздерде талыкпас изденүүлөрдү чын жүрөктөн  каалайбыз.

Ар замандын өзүнүн талабы болот. Ошол талапка жооп берип, ар бир адам өз ордунда жакшылык жаратканына өзү канааттанып жашаса, демек анын жашоосу текке кеткен жок.  Ал адам улуу тилекке – эл бактысына  өз саламын кошту дегенге жатат. 

Өлкөдө КТРКнын орду зор, анткени сиздер көрүүчүлөрдү, угуучуларды түрдү жолдор менен эң жөнөкөй, бирок бийик адамдык ыйман сапаттарына «калп айтпа, ушак сүйлөбө, ууру кылба, бирөөнүн өмүрүнө зыян келтирбе, эмгектен жаратман бол» - деп ачык да, билгизбей да суугарып турган зор күчсүздөр! Демек коомубузда кандай гана саясий жана башка түрдүү чайпалуулар болбосун, Сиздер зор чөкпөс кемедей багытыңыздардан тайбай, мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, жашоо океанында сүзө беришиңиздерге ишенебиз.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин   мүчөлөрүнүн атынан

Айдабосунова Н.И.