http://ktrk.kg/Учак кырсыгынан каза болгондордун өздүгү аныкталды

Учак кырсыгынан каза болгондордун өздүгү аныкталды

17 Янв 2017 , 16:38 3093

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учак кырсыгынан мерт кеткендердин саны 38 жетти. Бүгүн табылган сөөк төртүнчү учкуч болушу ыктымалдыгын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери билдирди. Тек-жайы аныкталгандардын сөөктөрүн туугандары түнү менен алып кетишти. Кырсык болгон күнү мында 32 кишинин сөөгү жана 9 адамдын ар кандай дене мүчөсү алып келинген. Медицина кызматкерлери түнү менен иштеп, 5 адамдын денесин чогултушту.
Түнү бою сөөктөрдү көз жумгандардын туугандары алып кетишти. Көз жумгандардын арасында Бишкек шаарынын, Чүй, Нарын облустарынын жана Алай районун тургундары болгон. Ушул сааттарда түрк учкучтардын гана сөөктөрү калды.
38-мерт кеткендин сөөгүн ОКМ кызматкерлери бугун танга маал табышты. Ал төртүнчү учкуч болушу ыктымал. Так маалымат идентификациядан кийин гана белгилүү болот.
Республикалык соттук медициналык экспертиза борборундагы штаб 16-январдагы курулуш башкармалыгынын дачасындагы кырсыкка байланыштуу 24 саат бою иштеп жатат. Ага өзгөчө кырдаалдар, ички иштер, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кирген. Штабдагылар үчүн атайын чатыр тигилип, жылуулук камсыздалган. Булар акыркы сөөктөр чыгарылып кеткенге чейин ишин улантышат.



Новости по дате