http://ktrk.kg/Өз жанын кыйууга түрткөн «Көк кит» оюну Кыргызстанга келди

Өз жанын кыйууга түрткөн «Көк кит» оюну Кыргызстанга келди

31 Янв 2017 , 3:47 16508

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык instagram социалдык тармагын колдонуучулар арасында «өлүм флешмобу» популярдуу болууда. Өспүрүмдөрдү өлүмгө үндөгөн флешмоб оюну «Көк кит» деп аталат. «Өлүм флешмобу» башында «ВКонтакты» социалдык тармагына чыгып, өспүрүмдөрдүн кызыгуусун арттырган.

Россиялык «Открытый нижний» порталынын жазганына караганда, «өлүм флешмобу» Россияда мектеп окуучусу Ринанын өлүмүнөн кийин көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, популярдуу боло баштаган.  Ал кыз темир жолго барып, өз жанын кыйардан мурун, социалдык тармакка “Ня.кош бол” деп жазып калтырган. 

Бул окуя көптөгөн өспүрүмдөрдү коркутпай, тескерисинче аларды бул оюнга болгон кызыгуусун арттырган.

Оюндун эрежесине ылайык, «өлүм флешмобунун» катышуучусу өздүк интернет баракчасына #мени 4:20да ойгот, #көк кит, #оюнга катышкым келет, #F57 F58, #тапшырманы күтөм деп жазышы керек. Андан соң 50 күн аралыгында «Өлүм флешмобунун» модератору  ар кандай тапшырмаларды берет. Акырында бул оюндун жеңүүчүсү аталышың үчүн өзүңдү өлтүрүшүң керек. Эгер жаныңды кыйганга батынбасаң, аны ишке ашырганга көмөктөшүү жардамын сунуштаган адамдар болот.   

Оюнга катышкан өспүрүм курактагы балдар өз жанын кыйуудан баш тарткан учурда, аларды коркуткан каттар келет. Мисалы, эгер өзүңдү өлтүрбөсөң анда биз сенин бир туугандарыңды же ата-энеңди өлтүрөбүз. Сенин жашаган дарегиң бизге белгилүү деп баланын үшүн алат (модераторлор оюнга катышкан баланын компьютеринин IP-дареги аркылуу анын жашаган жерин аныктап алышат. Бул өз кезегинде, баланы коркутканга колдонулат).  Мындай коркутууга баардык эле өспүрүмдөр туруштук бере алышпайт. Жакындарынан айрылгысы келбеген бала өз жанын кыйууга барат.
 Азыркы тапта «өлүм флешмобу» Кыргызстанда да популярдуу боло баштады. Өспүрүмдөр арасында кеңири тараган бул оюнга кызыккандар өздүк социалдык баракчаларына көк киттин сүрөтүн же жогоруда жазылган хештектерди статустарына жаза башташты. Демек, ата-энелер балдарынын интернеттеги социалдык баракчаларына көз салып туруусу керек. Эгерде балаңыз түнкүсүн уктабаса, киттин сүрөттөрүн алып жүрсө же социалдык тармактагы баракчасына жогоруда жазылган хештектерди жаза башташса, анда дароо балаңызга көңүл буруп, сүйлөшүшүңүз керек. Айрым божомолдорго караганда, «өлүм флешмобун» сатанисттер жүргүзүп келет. 

Андыктан балаңызга өзгөчө көңүл буруңуз!!!

Усубалы Мамбетов

Новости по дате