
Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
22 Март 2017 , 4:50
1159
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууcунда жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүсү мүмкүн.
Мындай кооптуу жагдай Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолдорунда да сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тоолуу жолдордо тайгак болуп муз тоңот. Бишкек-Ош унаа жолундагы коопсуздукту камсыздоо максатында, 24-мартка чейин кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт.