http://ktrk.kg/Жол кырсыктары канткенде азаят?

Жол кырсыктары канткенде азаят?

1 Май 2017 , 7:50 4733

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жол кырсыктары Кыргызстандын жолдорунда дээрлик үн сайын орун алууда. Статистикага кайрылсак акыркы он жыл ичинде жол кырсыктарынан Кыргызстанда 10 миңге жакын адам каза болгон. Бүткүл Советтер союзу 1979-жылдан 1989-жылга чейинки Ооганстандагы согуштук аракеттери учурунда мына ушунча сандагы же мындан бир аз көбүрөөк адамын жоготкон экен. Айырманы салыштырып, Кыргызстанда согуштан да катаал бир көрүнүш болуп жаткандай сезилет.

Кыргызстандыктар күн сайын кабылып жаткан жол кырсыктарынын себеби эмнеде? Талкаланган жолдор, айдоочу күбөлүктүн сатып алынышы, паракорчулукка баткан МАИ кызматкерлери же айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилеси. Мындан башка дагы толтура себептер болушу мүмкүн, бирок бизди терең кайгыга салганы адам өлүмү, андан да жаш балдар кырсыктын курмандыгына айланганда жүрөк тилинет. 


Новости по дате