http://ktrk.kg/Аймактарды өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу иши тездетилет

Аймактарды өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу иши тездетилет

30 Июль 2017 , 19:42 3899

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аймактарды өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууну тездетүү керек. Мындай тапшырманы Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков экономика министрлигине жана жергиликтүү башкаруу органдарына берди. Белгилей кетсек, өкмөт төрт ай мурда региондорду өнүктүрүү саясатынын токтомун кабыл алган. Пилоттук аймактар катары долбоорго өлкө боюнча 20 айыл-шаар кирген.

Учурдагы өкмөт аймактарды өнүктүрүү боюнча башкача модель иштеп чыкты. Жыл башында Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен жаңы концепция кабыл алынган. Ага ылайык ар бир региондун шартына жараша өзгөчөлөнгөн багыттары аныкталып, тиешелүү бизнес пландарды түзүү маселеси коюлган.

Мамлекеттик бюджеттин олуттуу бөлүгүн Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустары толтурат. Чынында башка аймактардын дагы жалпы казынага чоң кирешелерди салып, экономикасын өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Өкмөт мындай жыйынтыктарга төрт жыл ичинде жетүүнү максат коюуда. Долбоор 2018-2022 жылга чейинки мөөнөттү камтыйт.  

Аймактардын баары бирдей өнүксө, борборду көздөй агылган ички миграция да жөнгө салынмак. Биринчи планда алты шаардын иш планы даярдалат. Алар, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын, Каракол шаарлары. Сооронбай Жээнбеков бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү керектигин экономика министрлигине жана жергиликтүү бийликтерге эскертти. Бюджет кабыл алынганга чейин, алты шаардын өнүгүү боюнча бизнес планын эртелеп даярдап чыгуу тапшырмасын берди.

Инвестицияларды ар бир региондун өзгөчөлүгүнө жараша насыянын төмөн чендери жана жеңилдиктер менен тартууга болоорун өкмөттөн белгилешет. Кепилдик фонддор ар бир региондо болуп, аймактын өзгөчүлүгүнө багытталат. Мисалы Ысык-Көл туристтик багыттагы ишкердик долбоорлорду колдосо болот. Бирок бул облус бир гана туризм менен чектелбейт дейт көлдүн губернатору Узарбек Жылкыбаев. 

Талас агрардык багытта өнүгөт деп белгиленди. Облустун башка тармактар боюнча да мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы кен байлыктар, анын ичинде алтын, акиташ жана цемент иштетсе болот. Ошондой эле жөө басып жер көрүү туризмин өнүктүрүү пландалып жатат. Облус бүгүн төө буурчагы менен да белгилүү. Быйыл 100 миң тоннанын тегегинде түшүм алуу болжонууда. 

Инвесторлор бийик тоолуу же чек арага жакын аймактарга тартылсын деп, мындай жерлерге жумуш орундарын ачкан ишкерлер киреше жана соцфондон башка салыктардан 5 жылга бошотулуп жатканын экономика министрлиги билдирди. 




Новости по дате