http://ktrk.kg/Бишкек: №4 төрөт үйүндө каза болгон эгиздердин энесинин өлүмү иликтенет

Бишкек: №4 төрөт үйүндө каза болгон эгиздердин энесинин өлүмү иликтенет

31 Авг 2017 , 8:30 8728

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги №4 төрөт үйүндө каза болгон Мээрим Дайырбекова дарыгерлердин каттоосуна өтөт кеч турган. Бул тууралуу №18 бейтапкананын акушер-гинекологу Айгүл Жээналиева билдирди. 

Анын айтымында, келин төрөткө аз калганда Москвадан келген, ага чейин эч кандай анализ тапшырган эмес. Анын айтымында каза болгон келин бир ай мурда Москвадан келген. 26 жаштагы Мээрим Дайырбекова 27-августта, кош бойлуулугу 31 жума болгондо эгиз уул төрөгөн, бирок эртеси өзү каза болуп калган. 

Жакындары анын өлүмүнө доктурлар күнөөлүү экенин айтып, аларды кайдыгерликке жана шалаакылыкка айыптап жатышат. Ымыркайлар азыр төрөт үйүндө вакуумда жатышат. Абалы дурус. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлүмдүн чоо-жайын иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Кызматтык териштирүү да жүрүүдө. 2016-жылы өлкөдө 48 эне өлүмү катталса, быйыл алты айда 22 эне төрөт учурунда же төрөттөн кийинки мезгилде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын алты айында 28 эне төрөттөн каза болгон.


Новости по дате