
БШК: саат 13:00гө чейин республика боюнча шайлоочулардын 23,75 пайызы добуш берди
15 Окт 2017 , 9:46
3380
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Бүгүн саат 13:00гө чейин Президенттик шайлоо өнөктүгүнө республика боюнча шайлоочулардын 23,75 пайызы добуш берди.
Шайлоочулардын активдүүлүгү Ош облусунда байкалууда.
Ош шаарында шайлоочулардын 31,43% добуш берди.
Ысык-Көл облусунда - 24,77%,
Нарын облусунда - 26,53%,
Талас облусунда - 28,89%,
Бишкек шаарында - 26,92%,
Ош облусунда 21,46%,
Жалал-Абад облусунда - 21,23%,
Баткен облусунда - 23,66%,
Чүй облусунда - 22,02% болду.