http://ktrk.kg/Жети-Өгүздө мыйзамсыз карагай кыюу азайды

Жети-Өгүздө мыйзамсыз карагай кыюу азайды

20 Окт 2017 , 9:42 13504

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунда мыйзамсыз карагай кыюу азайды.

 Себеби бир жыл мурун токой байлыктарын сактоо максатында атайын долбоор кабыл алынган. Ага ылайык токой чарбаларында көзөмөл күчөтүлүп, токой аянттарын көбөйтүү иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары токой чарбалары чет элдик донор умдары менен иштөөнү жандантты.

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу токой чарбасынын кызматкери Замир Алышбаев кырк жылдан бери токойчу болуп эмгектенет. Жаратылышка кандай мамиле жасоону абдан жакшы өздөштүрүп, азыр эки уулу ата жолун жолдоптур. Замир Алышбаевдин айтымында эмгек жолу башталгандан бери 180 гектар аянтка өз колу, үй-бүлөөсү менен жаңы көчөттөрдү отургузуп өстүргөн.

Ал эми Ак-Суу токой чарбасында биргелешкен долбоорлор туруктуу ишке аша баштады. Бул чарба тал, теректин, ийне жалбырактуулардын жана башка мөмө жемиш бере турган көчөттөрдүн санын акыркы беш жылда кырктан, элүү үчкө көбөйттү. Негизки басым ийне жалбырактуулардын көчөттөрүн көбөйтүүгө жасалууда. 

Эске сала кетсек бул чарба быйылкы жылы айлана чөйрөнү жашылдандырууга активдүү катышып, жүз миңге жакын жаш көчөттөрдү айыл аймактарга жана мекеме уюмдарга даярдап берет.



Новости по дате