http://ktrk.kg/Босфордогу көпүрөдөн бомба табылган жок

Босфордогу көпүрөдөн бомба табылган жок

16 Март 2016 , 4:28 2159

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Стамбул полициясы Босфордогу көпүрөдөн бомба таба алган жок. Жол кыймылы калыбына келтирилди. Видео байкоо айдоочунун унаасын көпүрөгө калтырып, башка машина менен кетип жатканын каттаган. Мындан улам, унаада жардыруучу зат орнотулган болушу мүмкүн деген шек жаралып, Европа менен Азияны бириктирген Босфор көпүрөсү убактылуу жабылып, ири авто тыгын пайда болгон. Окуя Анкарадагы терракттан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта болуп отурат. Жекшемби күнү катталган жардырууда 37 адамдын өмүрү кыйылган. Жаракат алган 125 кишинин 50сү ооруканада.

Калыгул Асамбаев БИРИНЧИ РАДИО

Новости по дате