http://ktrk.kg/Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланып, эскертүү берилди

Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланып, эскертүү берилди

13 Март 2018 , 17:25 6427

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ишинен майнап чыгара албаган жана коюлган тапшырмаларды жеткиликтүү аткарбагандыгы үчүн Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө сөгүш жарыяланып, эскертүү берилди. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 


Бул Премьер-министрдин өкмөт мүчөлөрүнө карата берип жаткан алгачкы эскертүүсү же сөгүшү эмес. Анын үстүнө министрлик мекемелердин жетекчилерине келтирилип жаткан себептер да жүйөлүү. Талдоочулардын пикиринде аткаруу бийлигинде демократия эмес темирдей тартип менен жоопкерчилик маанилүү. Ошондо гана элдин камын ойлогон жетекчи боло алат жана калктын маселесин чечүүдө жыйынтык болот.



22-февралда болгон өкмөттүн отурумунда премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө сөгүш жарыялоо боюнча сунуш берилген. Дүйшөмбүдө өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык бир катар министрлик менен мекемелердин жетекчилери жана статс-катчыларга сөгүш жарыяланып, эскертүү берилди.


Өкмөттүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызмат ордун киргизүү жөнүндөгү буйругун аткарбагандыгы үчүн Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге белгиленген тартипте сөгүш жарыяланды.

Финансы министри Адылбек Касымалиевге, Экономика министри Артём Новиковго, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге 2017-жылы мамлекеттик инвестициялар долбоорунун бюджетин аткаруу боюнча жетишсиз иши үчүн эскертүү берилди. Ал эми Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш берилди.







Новости по дате