http://ktrk.kg/Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 104 мамлекет чакырылды

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 104 мамлекет чакырылды

5 Апр 2018 , 13:00 3117

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл сентябрь айында өтүүчү үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата дүйнөнүн 104 мамлекетине расмий чакыруу жөнөтүлдү. Ал мамлекеттер спорттун 37 түрү боюнча чакырылды. 

Эркектер арасында 37 спорттунтүрү боюнча мелдештер болсо, айымдар 16 түрүндө беттешет. Ар бир делегациядан спортчу, машыктыруучу, ветеринардык дарыгер, ат багар жана официалдуу өкүлдөрдү кошулуп, максималдуу 223 адамдан ашпаш керек. Бул талаптардан сырткары,спортчулардын жашы 18ден өйдө болуш керектиги коюлган.

Алар 2-сентябрда болуучу ачылыш аземине бирдей формада чыгышы зарыл. Ушул жана башка маалыматтарды КРнындене тарбия жана спорт комитетинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев айтып берди.Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.  

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио"


Новости по дате