http://ktrk.kg/Эки ыңкылаптын жыйынтыгы – бул үй-бүлөлүк бийликтин жоюлушу

Эки ыңкылаптын жыйынтыгы – бул үй-бүлөлүк бийликтин жоюлушу

5 Апр 2016 , 4:14 2009

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эгемендүүлүктү алгандан тарта кыргыз эли башынан эки революцияны өткөрүп, тилекке каршы эки революция тең массалык ызы-чуу жана кан төгүүлөр менен коштолду. Бийлик башындагы эки президент тең өлкөнү таштай качып, сыртка чыгып кетишкен. Алты жылга аяк басып калган Апрель окуясында Ак үй алдында 90го жакын адам атылып, 300дөн ашууну жаракат алган. Бактыга жараша өлкө ичинде стабилдүүлүк сакталып, элдин тынчтыгы саясий абал жөнгө салынып кетти.

Башкасын айтпаганда дагы эки революциянын алгачкы саптагы жетишкендиги –бул үй-бүлөлүк бийликтин жоюлушу болду. Алгач Акаев үй-бүлө, кайын –журту менен болушунча чардап келсе, кийин бийлик Бакиевдин урук-тууганына өтүп, 2005-жылдагы элдик революция уурдалып кеткен. Бакиевдин доорунда отузга чукул адам буюртма жол менен өлтүрүлүп, мамлекеттик органдарда коррупция орноп, бир катар мамлекеттик мекемелер митаамдык жол менен менчиктештирилип, тымызын жең ичинен бөлүштүрүлө баштаган. Мунун баары эл арасында массалык нааразычылыктарды күчөтүп, апрель окуясына алып келген.

Өлкө тарыхына жаңы из салган Апрель революциясында эл уурдалган мекемелерди кайра мамлекеттин карамагына кайтаруу жана үй-бүлөлүк кланды кетирүү, таза эл үчүн иштөө, жасалган революциянын пайдасын көрүү талаптарын койгон. Коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин айтымында, Бакиевдер Кыргызстанды өз менчигиндей көрүп, пикири бар жарандарды четинен өлтүрө баштаган. Бул көрүнүш элдин кан-жанына сиңип, турмуш оңолуп кетерине ишенген үмүттөр кайрадан жоголо баштаган.

Жергиликтүү серепчилер айрыкча революциядан кийин Коомдук канал жана коомдук байкоо кеңештери түзүлүп, сөз эркиндиги өзгөчө жанданганын белгилеп жүрүшөт. Ал эми Апрель революциясынын аткарылбай жаткан мүдөөсү катары сот ишинин соңуна чыкпай жатышы белгиленет. Бирок бул багытта дагы иштер жүрүп, соттук иштер уланууда. Кандай болгон күндө дагы кыйчалыштарга карабай өкмөт экономиканы стабилдүү өнүктүрүүгө жетишип, сырттан инвестицияларды тартып, ишкана-заводдорду куруп, элди жумуш менен камсыз кылуу аракетин көрүүдө. Апрель курмандыктарынын жакындарын өз камкордугуна алып, социалдык төлөмдөр менен камсыздап жатат.

Коомдук ишмер, 7-апрель элдик ревалюциясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов, революция өз максатына жеткенин, өлкө бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, системалык реформалардын жолун тандап, жаңылануу жолуна түшкөнүн белгилейт.Ал келечекте өсүп келаткан жаңы муун эркин мамлекет куруунун баасы канчалык кымбат болгонун ар дайым биле жүрүшү керек-деген пикирде.

Ал эми учурда өлкөдөгү саясий абалга серепчилер туруктуу деп баа беришет. Бирок кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн митинг-пикеттер дагы жок эмес. Бирок, Акаев менен Бакиев дооруна караганда учурда үй-бүлөлүк башкаруу жоюлуп, сөз эркиндиги жана саясий-экономикалык атаандаштык бар. Кандай болгон күндө дагы азыр өзгөрүүлөр болуп жатканын тануу мүмкүн эмес.

М.Абдраманова, “Биринчи радио”

Новости по дате